Загрузка документа…
КЕҢЕШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-октябры № 7-6
“Кеңеш айыл аймагынындагы кайра бөлүштүрүү фондунун бошогон жерлерин аукцинго, конкурска жана түз сатууга коюуу тууралуу”
Кеңеш айыл аймагынындагы кайра бөлүштүрүү фондунун бошогон жерлерин аукцинго, конкурска жана түз сатууга коюуу тууралуу маселени карап жана талкуулап, КРнын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана жергиликтүү мамлекеттик администрация жөнүндөгү» мыйзамынын 4-главасынын 31-беренесинин 2-пунктуна 1-пунктчасына, жер кодексинин 13-беренесинин 2-пунктуна жана муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобого ылайык Кеңеш айыл аймагынын айылдык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кеңеш айыл аймагынындагы кайра бөлүштүрүү фондунун келишими бүткөн жерлери аукцинго, конкурска жана түз сатууга коюлсун.
2. Кеңеш айыл аймагынындагы кайра бөлүштүрүү фондунун бошогон жерлерине муниципалдык менчикте турган жер участокторуна менчик же ижара укугун берүүнүн тартиби жана шарттары жөнүндөгү типтүү Жобого ылайык келишим төрт жылдык мөөнөткө түзүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл,суу чарба, жерге жайгаштыруу, экология, жаратылышты коргоо,транспорт, курулуш жана энергетика боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Нурматов Орозмаматка тапшырылсын.
Төрага | Абдибает уулу М. |