Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 49
“Айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетун берүү үчүн өткөрүлүүчү Салам-Алик айыл аймагында элдик курултайлардыншарттарын иштеп чыгуу жана бекитүү жөнүндө”
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын тогузунчу сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМКЫЛАТ
1.Айыл өкмөтүнүн башчысынын жылдык отчетун берүү үчүн өткөрүлүүчү Салам-Алик айыл аймагында элдик курултайларды өткөрүү маселеси четке кагылсын.
2.Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеңешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И.Д. |