Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 51
“Атуулдуктарды ыйгаруу тартиби боюнча Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү жөнүндө”
Атуулдуктарды ыйгаруу тартиби боюнча Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү боюнча маселени карап, Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айылдык кеӊешинин алтынчы чакырылышынын тогузунчу сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айылдык Кеӊеши тарабынан иштелип чыккан Салам-Алик айыл аймагынын “Атуулдуктарды ыйгаруу тартиби боюнча Жобосу” кабыл алынсын жана бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жана көзөмөлгө алуу Салам-Алик айылдык кеӊешинин регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби, коомдук уюмдар, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу, мандат жана депутаттык этика боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И.Д. |
Салам-Алик айылдык кеңешинин 2017-жылдын
3-ноябрындагы № 51 токтому менен бекитилген
Салам-Алик айылдык Кеңешинин
“Айылдын ардактуу атуулу” жана “Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Ж О Б О С У.
Бул наамдарды жашаган жерине, социалдык абалына, жынысына, улутуна, өңү түсүнө, диний жана саясий көз карашына, ден соолугуна жана укуктары, өмүрү чектелгенине карабастан Кеңеш КРнын ар бир жаранына ыйгара алат.
1. КРнын жараны эгерде тиешелүү айыл үчүн эмгек сиңирди деп тиешелүү айылдын тургундарынын жалпы жыйынын токтому менен тастыкталса жана Кеңешке сунуш кылынса, ал адамга Кеңеш депутаттардын жалпы санынын көпчүлүк добуш менен ( 11 добуштан кем эмес) “Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгара алат.
2. Эгерде КРнын жараны тиешелүү айыл аймагы үчүн эмгек сиңирди деп айыл аймагынын карамагындагы жок дегенде 2 тиешелүү айылдын тургундарынын жалпы жыйынын токтомдору менен тастыкталса жана Кеңешке сунуш кылынса, ал адамга Кеңеш депутаттардын жалпы санынын 2\3 добушу менен “Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгара алат.
3. Кеңеш келип түшкөн сунуштарды толуктоо же өзгөртүү үчүн артка кайтара алат же өзгөртүү менен тиешелүү тепкичтеги наамды ыйгара алат.
4. Бул ардактуу атуулдуктарды алган адамдар айылдын жана айылдык аймактын курултайларынын туруктуу делегаттары болуп, өзгөчө сый урматка ээ үлгүлүү адамдар болуп саналат.
5. Наамды татыктуу алып жүрбөй, үлгүлүү жүрүш турушунан тайыса, улутуна, элине чыккынчылык кылса, берилген наамды кайтарып алуу боюнча чечимди жалпы депутаттардын санынын 1\3инин же элдик жыйындын чечимининин негизинде Кеңеш кабыл алышы мүмкүн.
6. КРнын мамлекеттик органдары, жалпы эле жогорку бийликтегилер бул наамдарды берүү боюнча Кеңешке сунуш киргизе албайт, ал элдик демилгенин негизинде элдик жыйындар (элдик бийлик), айылдык жыйындар аркылуу гана чечилет.
7. Бул Жобого толуктоо, өзгөртүүнү айылдык Кеңеш зарыл болгондо Мыйзамдардын чегинде киргизе алат.
8. Жобо Кеңеш тарабынан бекитүү үчүн токтом катары кабыл алынып, төрага кол коюп, адилет министрлигинин бирдиктүү рээстрине мыйзамдуу катталган күндөн баштап күчүнө кирет.