Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 53
“Сай-Аска” ЖЧКна Салам-Алик айыл аймагына караштуу Беш-Терек участкасына көмүр казууга жер участкасын бөлүп берүү жөнүндө”
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине ылайык жана “Сай-Аска” ЖЧКнун 2017-жылдын 26-октябрындагы № 5 сандуу жана 2017-жылдын 27-октябрындагы № 6-сандуу каттарын карап, депутаттардын жалпы добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айылдык кеӊешинин алтынчы чакырылышынын тогузунчу сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Салам-Алик айыл аймагына караштуу Беш-Терек участкасынан “Сай-Аска” ЖЧКна көмүр казуу үчүн жер участкасын бөлүп берүү маселеси көмүр ишкананын жетекчисинин же өкүлүнүн катышуусунда кийинки сессияда каралсын.
2. Токтомду көзөмөлдөө айыл-суу, мал чарба, жер, токой, экология, өнөр-жай, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо-кен, маалымат, транспорт, байланыш жана энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Таштемировко жүктөлсүн.
Төрага | Шайбеков И.Д. |
Бишкек шаары г.Бишкек
№ 05 26-октябрь 2017-жыл
КАЙРЫЛУУ
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы
Инашов Эдилбек Султанбековичке
Салам-Алик айылдык кеӊешинин төрагасы
Шайбеков Исмаилжан Дөөлөтбаевичке
«Сай-Аска» ЖЧКу Сиздерге КР мыйзамдарынын негизинде макулдугуӊуздарды сурап кат менен кайрылуудабыз.
Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы» жөнүндөгү (9-август 2012-ж) № 160 кабыл алынган мыйзамынын 5-бөлүгүнүн 39-статьясынын № 1-4-9-бөлүктөрүнө жана № 51-статьясынын 4-бөлүгүнүн 1-2-4-бөлүкчөлөрүнүн негизинде карап, Кыргыз Республикасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети тарабынан 16-февраль 2017-жылы берилген 4552 СЕ лицензиясынын жана № 2 лицензиялык макулдашуунун негизинде проектисине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Беш-Терек участкасынан бардыгы 447,28 га жер бөлүкчөсүн убактылуу пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдугуӊуздарды суранабыз.
«Сай-Аска» ЖЧКу 7 жумушчу орун же болбосо 70% жергиликтүү жумушчулар айыл өкмөтү менен түзүлгөн социалдык пакеттеги келишимдин бардык шарттарын аткарабыз жана биздин «Сай-Аска» ЖЧКу жалпы эле Өзгөн району жана анын ичинен Салам-Алик айыл өкмөтүнүн элинин бардык тарабынан өнүгүшүнө ар тараптан көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин билдирет.
«Сай-Аска» ЖЧКнун
башкы директору Ж.Ашимов.