Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 54
“Депутат Абдыкадыров Майсалбектин жүрөк оорусу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу материалдык жардам көрсөтүү жөнундө”
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана жалпы депутаттардын сунушунун негизинде Салам-Алик айылдык кеӊешинин алтынчы чакырылышынын тогузунчу сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1.Депутат Абдыкадыров Майсалбектин жүрөк оорусу менен ооруп жаткандыгына байланыштуу Салам-Алик айыл өкмөтүнүн тиешелүү сметасынын негизинде дарыланууга 15000( он беш миӊ) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн аймагындагы аскер кызматына милдеттүүлөрдү Өзгөн шаарына алып келип кайра алып кетүүгө жана 2018-жылы боло турган текшерүүгө күжүрмөн команданы толуктоого айыл өкмөтүнүн бюджетинен 5000-00(беш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө финансы экономика бюджет.экономикалык жактан өнүгүүнүн багыттарын аныктоо жана инвестиция тармактары боюнча туруктуу коммиссиянын төрагасы Кулмурзаев Сейитбекке жүктөлсүн.
Төрага | Шайбеков И.Д |