Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 3-ноябры № 57
“Ак-Терек айылындагы бала-бакчанын жана Кызыл-Байрак айылындагы ФАПтын имараттарынын ремонттук абалы жөнүндө”
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесине жана жалпы депутаттардын добуш берүүсүнө ылайык Салам-Алик айылдык кеӊешинин алтынчы чакырылышынын тогузунчу сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Ак-Терек айылындагы бала-бакчанын имаратынын ремонту сапатсыз бүткөрүлгөндүгүнө байланыштуу аны көзөмөлдөгөн технадзордон талап кылуу Салам-Алик айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
2. Кызыл-Байрак айылындагы ФАПты ремонттоо боюнча тийиштүү иштерди алып баруу айыл өкмөтүнө тапшырылсын.
3. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеӊешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Шайбеков И.Д. |