Загрузка документа…
САЛАМ-АЛИК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-ноябры № 59
«Сай-Аска» ЖЧКна Беш-Терек участасында лицензиялык ишмердүлүгүн жүргүзүү үчүн копүрө салууга жер бөлүкчөсүн бөлүп берүү жөнүндө
«Сай-Аска» ЖЧКнун Беш-Терек участкасына көпүрө салуу боюнча 2017-жылдын 27-октябрындагы № 6 сандуу кайрылуу катынын негизинде Салам-Алик айылдык кеӊешинин алтынчы чакырылышынын кезексиз онунчу сессиясы төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. ЖӨБ жөнүндөгү Мыйзамынын тиешелүү беренелерине ылайык «Сай-Аска» ЖЧКна чоё машиналар менен көмүрдү ташып Беш-Терек суусунан өтүү үчүн көпүрө курууга жер ажыратууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткарууну көзөмөлгө алууну Салам-Алик айылдык кеӊешинин экология, курулуш, өзгөчө кырдаал, тоо кен, транспорт, энергетика тармактары боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
Төрага | Шайбеков И.Д. |
Бишкек шаары г.Бишкек
№ 06 27-октябрь 2017-жыл
КАЙРЫЛУУ
Салам-Алик айыл өкмөтүнүн башчысы
Инашов Эдилбек Султанбековичке
Салам-Алик айылдык кеёешинин төрагасы
Шайбеков Исмаилжан Дөөлөтбаевичке
«Сай-Аска» ЖЧКу Сиздерге КР мыйзамдарынын негизинде макулдугуңуздарды сурап кат менен кайрылуудабыз.
Кыргыз Республикасынын «Жер казынасы» жөнүндөгү (9-август 2012-ж) № 160 кабыл алынган мыйзамынын 5-бөлүгүнүн 39-статьясынын № 1-4-9-бөлүктөрүнө жана № 51-статьясынын 4-бөлүгүнүн 1-2-4-бөлүкчөлөрүнүн негизинде карап, Кыргыз Респрубликасынын өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу комитети тарабынан 16-февраль 2017-жылы берилген 4552 СЕ лицензиясынын жана № 2 лицензиялык макулдашуунун неги зинде проектисине ылайык Салам-Алик айыл өкмөтүнүн аймагындагы Беш-Терек участкасынан бардыгы 447,28 га жер бөлүкчөсүн убактылуу пайдаланууга бөлүп берүүгө макулдугуңуздарды суранабыз.
Ошондой эле Беш-Терек суусуна чоң машина өтө турган көпүрө курууга жер участкасын бөлүп берүүңүздөрдү өтүнөбүз.
«Сай-Аска» ЖЧКнун
башкы директору Ж.Ашимов