Загрузка документа…
ЖУМГАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 01-июну № 03/2
“Жумгал айылында «Жумгал Ынтымак » өнүгүү жамаатынын уставын бекитип берүү жөнүндө”
Жумгал районунун Жумгал айыл аймагынын тургуну Женишбеков Аскат Женишбековичтин ПРООН «Жаны Зеландия» программасынын алкагында түзүлүп жаткан, «Жумгал Ынтымак» өнүгүү жамаатын уставын бекитип берүү жөнүндөгү маалыматты угуп жана талкуулап, Жүмгал айыл аймагынын Жумгал айылдык Кеӊешинин ХХVII чакырылышынын кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жумгал районунун, Жумгал айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштүү, Жумгал айылында долбоорлор менен иштөө, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдү иш менен камсыз кылуу багытында түзүлгөн «Жумгал Ынтымак» өнүгүү жамаатынын уставы бекитилсин.
2.Ушул токтомдор айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, jumgalrma.kg веб сайтына жарыялансын жана Кыргыз Респүбликасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. «Жумгал Ынтымак» өнүгүү жамааты Юридикалык жак катары мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы жамааттын жетекчисине тапшырылсын.
4.Бул токтомдүн аткарылышын көзөмөл кылуу жагы Жүмгал айыл өкмөтүнүн жоопту катчысы К.Мамбеткүловага милдеттендирилсин.
Төрага | Т. Айтбаев |