Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 5-1
«Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конушунун чек арасын тактоо жана бекитүү жөнүндө»
Ат-Башы райондук мамлекеттик администрациясынын 04.04.2017-жылдагы № 63-б жана Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 04.04.2017-жылдагы № 36-б буйруктарынын негизинде «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конуштарынын чек араларын тактоо жана бекитүү жөнүндөгү иш кагаздарын, жер аянтын аныктоо жана чек араларын тактоо жумуштары боюнча 14.04.2017-жылдагы изилдөө актысын карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Кыргызмамжердолбоор» мамлекеттик долборлоо институтунун Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалында Ат-Башы айыл аймагынын калктуу конушу 838,5 гектарды түзүп, калктуу конушунун чек аралар баяндамасына ылайык тактоодо жазылган сызык боюнча жалпы 838,5 гектар жер аянты бекитилсин; (Тиркеме №1 Чек аралар баяндамасы тиркелет)
2. Нарын жерге жайгаштыруу экспедициясы тарабынан даярдалган материалдарынын негизинде Ат-Башы райондук жерге жайгаштыруу жана кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармасына жерди эсепке алуу иш кагаздарына өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Жер бөлүштүрүү, айыл чарба жана экология боюнча жана Курулуш, транспорт, өнөр-жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча туруктуу комиссияларына тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төраганын орун басары | К. Асанбаева |
Каттоо № 16
Ат-Башы айыл аймагынын
айылдык кещешинин
30-май 2017-жылдагы
№5-1 токтомуна №1 тиркеме
Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Ат-Башы айыл аймагынын
Ат-Башы калктуу конушунун чек арасын сүрөттөп жазуунун баяндамасы
Ат-Башы айылы
Ат-Башы айыл аймагынын Ат-Башы калктуу конушунун чек арасын сүрөттөп жазууда Ат-Башы айылынын түндүк-батыш тарабындагы Нарын – Ат-Башы – Ат-Башы – Босого автоунаа жолунун кесилишинен түштүк-чыгышты көздөй Нарын – Ат-Башы автоунаа жолунун 1746 метр аралыктагы чекит №1- баштапкы чекит болуп кабыл алынды. №1- чекиттен түндүк- чыгышты көздөй кургак жер аркылуу түз сызык менен 1050 метр аралыкта Ат-Башы – Босого автоунаа жолун кесип өтүп, №2 чекитке барып андан ары ошол эле багытта түндүк-чыгышты көздөй кургак жер аркылуу түз сызык менен 612 метр аралыкта кашаттын кырындагы №3 – чекитке келет. Андан ары түндүк-чыгышты көздөй кургак жер аркылуу түз сызык менен 125 метр аралыкта талаа жолундагы №4 – чекитке барат. ары Андан ары түштүк-чыгышты көздөй талаа жолу аркылуу түз сызык менен 323 метр аралыкта №5- чекитке келип, андан ары түндүк-батышты көздөй кургак жер аркылуу ийри сызык менен суу сактагычтын тосмосу аркылуу булактын сайындагы №6- чекитке барат. Андан ары түндүк – батышты көздөй сай аркылуу ийри сызык менен Ат-Башы суусунун жээгинде дамбадагы №7 – чекитке келип, андан ары түндүк-батышты көздөй дамбанын жээги аркылуу андан Ат-Башы суусунун жээги менен Нурманбетов Шаршек атындагы көпүрөнүн түндүк жак башындагы №8 – чекитке барат. Ал чекиттен түндүк-батышты көздөй дамбанын жээги аркылуу түз сызык менен 226 метр аралыктагы №9 – чекитке келет, андан ары түштүк – батышты көздөй токойдун арасындагы сай аркылуу ийри сызык менен №10-чекитке барат. №10-чекиттен түштүк-батышты көздөй кашаттын кыры аркылуу ийри сызык менен айылдын аягындагы №11 чекитке келип, андан ары багытын өзгөртүп түтүк-чыгышты көздөй булактын сайы аркылуу «Батыш» көчөсүндөгү №12 – чекитке барып, андан ары түштүк-чыгышты көздөй көчө аркылуу түз сызык менен 31 метр аралыктагы №13 – чекитке келет. Андан ары түштүк-чыгышты суу сарыктыруучу чощ арык аркылуу ийри сызык менен №14 – чекитке барат. №14- чекиттен түштүк – чыгышты көздөй көчө аркылуу түз сызык менен 156 метр аралыктагы №16 – чекитке келип, андан түштүк-чыгышты көздөй 487 метр аралыктагы №17-чекиттен түштүк-чыгышты көздөй көчө аркылуу түз сызык менен 236 метр аралыктагы №18 – чектике барат. Андан ары түштүк-чыгышты көздөй кашаттын кыры аркылуу ийри сызык менен Нарын-Ат-Башы автоунаа жолундагы №20 – чекитке келет. Андан ары түштүк- чыгышты көздөй Нарын- Ат-Башы автоунаа жолу аркылуу түз сызык менен 849 метр аралыктагы №1-баштапкы чекитке келет.
Баяндаманы түзгөн
Жетектөөчү адис Асанбек уулу Ж.