Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 30-майы № 5-2
«Ат-Башы айылынын ички жолдорун асфальттоо үчүн проекттик сметалык документациясына акча каражатын бир статьядан экинчи статьяга которуп каржылоо жөнүндө»
Ат-Башы айылынын ички жолдорун асфальттоо үчүн проекттик сметалык документациясына акча каражатын бир статьядан экинчи статьяга которуп каржылоо жөнүндөгү айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т. Жусубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2017-жылга бекитилген бюджетте каралган: көчөлөргө шагыл төгүү үчүн 100 000 (бир жүз миӊ) сом, жашылдандыруу-көрктөндүрүү үчүн 100 000 (бир жүз мищ) сом, күтүлбөгөн чыгымдарга каралган акча-каражатынан 40 000 (кырк миӊ) сом, баардыгы 240 000 (эки жүз кырк миӊ) сом акча-каражатын Ат-Башы айылынын ички жолдорун асфальттоого проекттик сметалык документациясы үчүн тиешелүү чыгымдоо статьяларына которулуп, каржыланып берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төраганын орун басары | К. Асанбаева |
Каттоо № 1