Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-августу № 7-2
«Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө»
Ат-Башы айылындагы соода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун аныктоо максатында айыл өкмөттүн жер адиси Асанкул уулу Рахаттын, туруктуу комиссиянын төрагасы К. Асаналиевдин билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айылынын борбордук М. Өмүракунов атындагы көчөдө жайгашкан жеӊил курулуштагы жана көчмө соода түйүндөрүн менчигинин түрүнө карабастан жол боюндагы жерлерге жайгаштырууга мыйзам чегинде тыюу салынсын;
2. Буга чейин жогорудагы борбордук көчөдө орнотулган көчмө соода түйүндөрүнүн ижара мөөнөтү узартылсын;
3. Ижара мөөнөтү бүтүп, иштебей көчөгө тоскоолдуук жараткан жеӊил курулуштагы соода түйүндөрү алынып салынсын;
4. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахатка милдеттендирилсин;
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жащылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |
Каттоо № 28