Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-августу № 7-3
«Ат-Башы айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн тендерлерден экономия болгон акча каражатын башка багытка кайра кароо жана статьядан стаьяга которуу жөнүндө»
Ат-Башы айыл өкмөтүндө өткөрүлгөн тендерлерден экономия болгон акча каражатын башка багытка кайра кароо жана статьядан стаьяга которуу жөнүндөгү бюджет, финансы, экономика боюнча туруктуу комиссиянын жана айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т. Жусубалиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ат-Башы айыл өкмөтүндө 2017-жыл ичинде өткөрүлгөн тендерлерден үнөмдөлгөн 636 700 (алты жүз отуз алты миң жети жүз) сомду, мунун ичинен аппараттан 103 900 (бир жүз үч миң тогуз жүз) сом, бала бакчалардан 59 900 (элүү тогуз миң тогуз жүз) сом, мектептерден 472 900 (төрт жүз жетимиш эки миң тогуз жүз) сом төмөндөгүдөй багыттарга жумшалсын:
1) Өздүк салым (АРИС) – 450 000 (төрт жүз элүү миң) сом;
2) Проекттик сметалык документацияга – 45 000 (кырк беш миң) сом;
3) К. Мамбеталиев атындагы орто мектебине өздүк салым – 124 400 (бир жүз жыйырма төрт миң төрт жүз) сом;
4) К. Тыналиев атындагы бала бакчанын ремонтуна – 17 300 (он жети миң үч жүз) сом;
Баардыгы: 636 700 (алты жүз отуз алты миң жети жүз) сом.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Т. Жусубалиевге милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |
Каттоо № 29