Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-августу № 7-4
«Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалыгынын начальниги Р. Абдылдаевдин 2017-жылдын 07-августундагы чыгыш № 08-900 кайрылуу каты жөнүндө»
Мамлекеттик салык кызматынын Ат-Башы району боюнча башкармалы-гынын начальниги Р.Абдылдаевдин 2017-жылдын 07-августундагы чыгыш №08-900 кайрылуу каты боюнча айыл өкмөттүн киреше жана жыйымдар боюнча жетектөөчү адиси Г.Миңбаеванын билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылдын 1-январынан баштап Ат-Башы айылынын административдик аймагында салыктын төмөндөгү түрлөрү киргизилсин: айыл чарба жерлерин пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, короо жай жана багбанчылык жер участокторун пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, калк конуштардын жерлерин жана айыл чарба багытына арналбаган жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы, 1,2,3,4 пайпадагы мүлк обьектилеринин мүлк салыгы.
2. Ат-Башы айылындагы жайгашкан базарлардын жер салыгын эсептөөдө К3 -зоналдык коэфициенти төмөндөгүдөй өлчөмдө бекитилсин:
- «Дордой» мал базары – 1,2;
- Ун-жем базары – 1,2;
- «Акжолтой» базары – 1,2;
- «Аурдин» базары –1,0;
- «Райпо» базары – 0,5;
3. Салыктык эсептер Кыргыз Республикасынын Салык Колдексинин негизинде жүргүзүлсүн;
4. Токтом 2018-жылдын 1-январынан баштап күчүнө кирсин.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
6. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, «Ат-Башы жаңылыктары» гезитине жарыялоого сунушталсын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
Төрага | Т. Ыдырысов |
Каттоо № 30