Загрузка документа…
КАРА-КУЖУР АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 8-сентябры № 5
«Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар үчүн стратегиялык өнүгүү планын бекитүү жѳнүндө»
Кара-Кужур айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2018-2022-жылдар үчүн стратегиялык өнүгүү планын бекитилсин.
2. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, karakujur naryn-region. kg веб – сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик- укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кара-Кужур айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы К. Аалиевге жүктөлсүн.
Төрага | Тентимиш уулу А |