Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-декабры № VII/I
“Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги үнөмдөлүп пайдаланылбай калган акча-каражатты статьядан-статьяга жылыштырып пайдалануу жөнүндө”
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Н.Барктабасованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз YII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги үнөмдөлүп пайдаланылбай калган 317516-00 (уч жүз он жети миң беш жүз он алты)сом акча-каражатты статьядан-Башкаруу апаратына 31123210 эмеректерди алуу статьясына жылыштырып пайдаланууга уруксат берилсин.
2. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги үнөмдөлүп пайдаланылбай калган 317516-00 (уч жүз он жети мин беш жүз он алты)сом акча-каражатка айыл өкмөттүн аппарат кызматкерлерине тийиштүү инвентарь мебель алынып берилсин.
3.Китепкана бөлүмүндөгү 31133110 статьясына каралган 3800 (үч миң сегиз жүз) сом ушул бөлүмдөгү 31123250 статьясына которулуп берилсин.
4.Бул иштердин аткарылышына жоопкерчилик тартуу жагы айыл өкмөттүн башкы бухгалтери Н.Барктабасовага тапшырылсын.
5.Бул токтомдун аткарылышына жетекчилик кылуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н. Жунусовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Мурзалиев. |