Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 4-декабры № VII/II
«Жайттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү Типтүү келишимин бекитип берүү жөнүндө»
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Нурманбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарым укуктарын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынан Жайыт пайдалануучулар бирикмесине өткөрүп берүү жөнүндөгү Типтүү келишими бекитилсин.
Бекитилип берилген Типтүү келишимдин негизинде так жана туура иш алып баруу жагы Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Нурманбетовго тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышына жетекчилик кылуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Мурзалиев |