Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 4-декабры № YII/III
«Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин гранттык эсебине өздүк салым катары акча каражатын которуп берүү жөнүндө»
Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Нурманбетовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз YII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин Арис программасын ишке ашырууда трактор алууга өздүк салым үчүн которулган акча-каражаттан үнөмдөлгөн 130,0(жүз отуз мин)сом, Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин гранттык эсебине “Көчмө кыркым пункутун уюштуруу жана маданий жайыттарды жакшыртуу” долбооруна өздүк салым катары которулуп берилсин.
2.Бул акча-каражатты которуп берүү жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башкы бухгалтери Н.Барктабасовага тапшырылсын.
3.Которулган акча-каражатты өз максатында жумшоо менен иш алып баруу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт комитетинин төрагасы Ж.Нурманбетовго жана бухгалтери М.Норузбаевге тапшырылсын.
4.Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовго милдеттендирилсин.
Төрага | А.Мурзалиев. |