Загрузка документа…
АЧА-КАЙЫНДЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезексиз VII сессиясы
2017-жылдын 4-декабры № VII/IV
«Ача-Кайынды айыл аймагынын Бала-бакчасынын имаратынын эшик-терезелерин, чатырчасын алмаштыруу долбоору жөнүндө»
Ача-Кайынды айыл аймагынын Бала-бакчасынын башчысы С.Оморованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайынды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин Депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз YII сессиясы
Т О К Т О М К Ы Л А Т
1.Ача-Кайынды бала-бакчасынын башчысы С.Оморованын бала-бакчанын имаратынын эшик-терезелерин чатырчасын алмаштыруу боюнча 21.11.2017-жылдагы № 22 кайрылуусу канааттандырылсын.
2.Бала-бакчанын эшик-терезелерин,чатырчасын алмаштыруу боюнча республикалык стим.грантка сунушталган долбоорунун өздүк салымынын 137796 (Бир жүз отуз жети миң жети жүз токсон алты) сомун жергиликтүү бюджеттен келерки 2018-жылдын бюджеттен сурап бекитүү жагы каралсын.
Өздүк салымдын калган 40,0 (кырк) миң сомун демөөрчүлүк жолу менен табуу жагы Ача-Кайынды бала бакчасынын башчысы С.Оморовага милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмунүн башчысы Н.Барктабасовага тапшырылсын.
Төрага | А. Мурзалиев |