Загрузка документа…
НООКАТ ШАРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2015-жылдын 3-февраль № X-1
“Ноокат шаарынын аймагындагы А.Толонов атындагы көчөсүнө 250 КВ трансформатор коюга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө»
Ноокат шаарынын аймагындагы А.Толонов атындагы көчөсүнө 250КВ трансформатор коюга акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеёешининбюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуукомиссиясынынберген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарынын аймагындагы А.Толонов атындагы көчөсүнө 250 КВ трансформатор коюга Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыктын эсебинен 400 000 (төрт жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |