Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № X-2
«Ноокат шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнө жана Кара-Турпак аймагынаэлектр эсептегич техникалык шарттардыалуу үчүн (тех. условия) акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө»
Ноокат шаарынын Ленин көчөсүндөгү № 30, М.Эргешов көчөсүндөгү № 22,24,26, С.Алимбаев атындагы көчөсүндөгү №40,42,44,51,52,53 жана Ханкелдиев атындагы көчөсүндөгү № 1,2,3 көп кабаттуу үйлөрүнүн айланасын жарыктандыруу үчүн Ноокат шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнө 3 даана, Ноокат шаарынын Кара-Турпак аймагына 3 даана бардыгы болуп 6 даана электр эсептегич техникалык шарттарына (тех. условия) акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
Т О К Т О М К Ы Л А Т :
1.Ноокат шаарынын көп кабаттуу үйлөрүнө жана Кара-Турпак аймагына электр эсептегич техникалык шарттардыалуу үчүн (тех. условия) 72 000 (жетимиш эки миң) сом акча каражаты Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыкты эсебинен ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |