Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № X-11
«Ноокат шаарынын аймагындагы ээси жок дейди жолбун иттерди атуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндө»
Ноокат шаарынын аймагындагы ээси жок дейди жолбун иттерди атуу үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген тактамасынын негизинде Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаарынын аймагындагы ээси жок дейди жолбун иттерди атуу үчүн Ноокат шаар мэриясынын 2018-жылдын 1-январына карата калган калдыкты эсебинен 200 000 (эки жүз миң) сом акча каражаты ажыратылып берилсин.
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |