Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № X-16
“Ноокат шаар мэриясына, Ноокат шаардык кеңешине жана Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине белгиленген бир айлык эмгек акынын эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам катары берүү жөнүндө ”
Кыргыз Республикасынын 2016-жылдын 30-майындагы мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндөгү № 75 мыйзамдын 31-беренесинин 10-бөлүгүнө негиз Ноокат шаар мэриясына, Ноокат шаардык кеңешине жана Ноокат шаардык мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине белгиленген бир айлык эмгек акынын эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам берүү үчүн акча каражатын ажыратып берүү жөнүндөгү Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясынын берген сунушун карап, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат шаар мэриясынын чыгымдарынын 2018-жылдын 1-январына калган калдыктын эсебинен штаттык бирдиктеги белгиленген бир айлык эмгек акысынан эки айлык өлчөмүндө материалдык жардам ажыратылып берилсин:
-Ноокат шаар мэриясына:
-701-бө лү мдү н -2111 эмгек акыга 388572 сом;
-2121 соц. фонду 67 029 сом;
-Ноокат шаардык кеңешине:
-701-бө лү мдү н -2111 эмгек акыга 99 826 сом;
-2121 соц. фонду 17 220 сом;
-Ноокат шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаментине:
-706-бө лү мдү н -2111 эмгек акыга 154 350 сом;
-2121 соц. фонду 26 625 сом;
2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ноокат шаардык кеңешинин бюджет, экономика, финансы, соода, инвестициялар, ишкердик жүргүзүү жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | А. Гафаров |