Загрузка документа…
НООКАТ ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 3-февралы № Х-22
“Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди сунуш кылуу жөнүндө”
“Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндөгү” Кыргыз Республикасынын мыйзамын, “Шайлоо комиссияларын түзүүнүн жана таркатуунун тартиби жөнүндөгү”, “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүүнүн жана аны менен иш алып баруунун тартиби жөнүндөгү” Жоболордун талаптарына ылайык Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон кварталынын 2018-жылдын 15-январындагы №1 жана Ноокат шаардык мэриясынын аймагында жайгашкан Х.Самиев атындагы орто мектебинин 2018-жылдын 17-январындагы өткөрүлгөн чогулуштарынын негизиндеги №1сунуш кылынган протоколдорундагы Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө талапкерлерди талкуулап көрүп, Ноокат шаардык кеңешинин отуруму
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Ноокат аймактык шайлоо комиссиясынын резервдик курамына талапкерлерди сунуш кылган Ноокат шаарынын аймагындагы Бостон кварталынын 2018-жылдын 15-январындагы №1 жана Х.Самиев атындагы орто мектебинин 2018-жылдын 17-январындагы №1 протоколдорун бекитүү менен аталган аймактык шайлоо комиссиясынын мүчөлүгүнө Ноокат шаарынын тургундары Шамсутдинов Шухратилла Махамадалиевич жана Ошурбакиева Клара Нурахуновналар талапкерликке сунуш кылынсын.
(Протокол жана башка тиешелүү документтер тиркелет)
2.Токтомду бекитип берүү жагы Кыргыз Республикасынын Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынан суралсын.
Төрага | А. Гафаров |