Загрузка документа…
БЕЛОВОДСК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 1-декабры № 39
«Беловодск а. «Ардактуужараны» наамын берүү жөнүндө»
Москва районунун БЖОМдун эркин күрөш боюнча тренери Такиров Токторбек Абдиновичке «Беловодск а. «Ардактуужараны» наамын берүү жөнүндө жаштар, спорт, маданият жана социалдык суроолор боюнча комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап Беловодский айылдык кеңешинин сессиясы,-
Токтом кылды:
1. Жергиликтүү коомчулуктун коомдук-социалдык жана маданий-экономикалык турмушунда өзгөчө сиңирген эмгеги үчүн Москва районунун БЖОМдун эркин күрөш боюнча тренери Такиров Токторбек Абдиновичке «Беловодск а. «Ардактуу жараны» наамы берилсин.
2. Жооптуу катчы берилген токтомду Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук акттардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстициялык башкармалыгына каттого жиберсин.
3. Берилген токтомдун аткарылышын козөмөлдөө Беловодский айыл окмөтүнүн башчысы Б.Т. Төлөмүшевге жүктөлсүн.
Төрага | Т. Конушбаев |