Редакцияот 14.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 14-сентябры № 36

Кайыңды айылындагы Кара-Арча жайытына мал суу ичуучу жай курууга 0,13га жер бөлүп берүү жөнүндө

Дара айыл аймагынын Кайыңды айылынын элдеринин малдарына Кара-Арча жайытында мал суу ичуучу жай куруу боюнча жайыт комитетинин төрагасы К.Нуридинов даярдаган билдирүүнү угуп, талкуулап Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл аймагынын Кайыңды айылынын элдеринин малдарына Кара-Арча жайытында мал суу ичуучу жай куруу үчүн 0,13га жер ажыратылып берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Мажилимов