Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-февралы № 3
“№ 44 Кесиптик лицейине Жамбы Газыбекованын атын ыйгарууга макулдук берүү жөнүндө”
Чон-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы № 44 кесиптик лицейинин профсоюз уюмунун № 44 кесиптик лицейине Жамбы Газыбекованын ысымын ыйгаруу жөнүндө сунушун алтынчы чакырылышынын депутаттарынын ХIII-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чон-Алай районунун Дароот-Коргон айылындагы № 44 кесиптик лицейинин профсоюз уюмунун 2018-жылдын 19-январындагы № 1 токтомунун негизинде № 44 Кесиптик лицейине Жамбы Газыбекованын ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
2. Тиешелуу иш кагаздарын даярдоо Жамбы Газыбекованын уулу Егембердиев Султанга тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин Укук тартиби, мыйзамдуулук, депутаттык этика жана коомдук уюмдар боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |