Загрузка документа…
ЧОН-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 7-февралы № 4
«Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерге аукцион өткөрүү комиссиясынын курамын бекитүү жөнүндө»
Чон-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковдун Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү кайра болуштуруу фондундагы жерлерге аукцион өткөрүү комиссиясынын курамын бекитип берүү боюнча сунушун алтынчы чакырылышынын депутаттарынын ХIII-сессиясынын кезексиз отуруму талкуулап.
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Чоң-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Жайчибековдун жана жер маселелери боюнча башкы адис З.Исаковдун Чон-Алай айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерге аукцион өткөрүү комиссиясынын курамын бекитип берүү боюнча сунушу эске алынсын.
2. Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерге аукцион өткөрүү комиссиясынын курамы тиркемеге ылайык бекитилсин. (тиркеме тиркелет).
3. Комиссия мүчөлөрүнө Чоң-Алай айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерге аукционду Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык өткөрүү жагы милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер реформасы, корктондуруу жана муниципалдык чарба боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Н. Маматназаров |
Чон-Алай айылдык кеңешинин алтынчы чакырылышынын 2018-жылдын 7-февралындагы
ХIII –сессиясынын кезексиз отурумунун
№ 4 токтомунун тиркемеси
Чон-Алай айыл өкмөтүндөгү кайра бөлүштүрүү фондундагы жерлерге аукцион өткөрүү комиссиясынын курамынын тизмеси.
№ | А.А.Т. | Жашаган жери | Иштеген кызматы | Комиссиянын курамында |
1 | Акимов Алтымыш | Дароот-Коргон | Мугалим | Торага |
2 | Бадир кызы Ырысбүбү | Дароот-Коргон | АО адиси | Катчы |
3 | Жайчибеков Тайирбек | Дароот-Коргон | АО башчы |
|
4 | Бердибек уулу Жоробай | Жаш-Тилек | АК депутаты | Мүчө |
5 | Бакир уулу Кудайберди | Жар-Башы | АК депутаты | Мүчө |
6 | Мааткаримов Пайзилда | Дароот-Коргон | Департамент | Мүчө |
7 | Исаков Зайнидин | Дароот-Коргон | АО адиси | Мүчө |
8 | Абдүрахимов Эргешали | Дароот-Коргон | АО адиси | Мүчө |
9 | Каримбеков Түмөн | Жаш-Тилек | Айыл башчы | Мүчө |
10 | Каландаров Маамат | Чак | Айыл башчы | Мүчө |
11 | Баймаматов Кожомберди | Кулчу | Айыл башчы | Мүчө |
12 | Жусупов Эшкулу | Жар-Башы | Айыл башчы | Мүчө |
13 | Камаридинов Жаныбек | Кара-Шыбак | Айыл башчы | Мүчө |
14 | Кожокматов Болот | Кызыл-Туу | Айыл башчы | Мүчө |
15 | Козубеков Эргешбай | Кызыл-Эшме | Айыл башчы | Мүчө |
жооптүү катчысы | К.Түрдалиев |