Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № 34
“Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовдун 2017-жылда Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык- экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы жана 2018-жылда аткарыла турган иштеринин маалыматы жөнүндө”
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовдун 2017-жылда Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн көрсөткүчтөрүнүн жыйынтыгы канаттандырарлык деп табылсын жана 2018-жылда аткарыла турган иштеринин маалыматты алымча-кошумчасы менен жактырылсын.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовдун 2017-жылда аткарган иштериндеги айрым айтыган сунуш-пикирлер эске алынсын.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы ФПСтин жерлерин 2015-жылы аукцион менен ижарага берилген жерлердин ижара акыларынын калдыктарын 2018-жылдын 20-февралына чейин топтоо жагы айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго жүктөлсүн.
4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э.Сагынбеков |