Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № 35
“Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2017-жылга аткарылышы жөнүндө”
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин жалпы суммасынын (республикадан алынуучу теңдөөчү гранты, Республикалык бюджеттен келген каражатты кошуп эсептегенде) 2017 жылга аткарылышы 11715.1 миӊ сомго бекитилсин.
2. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2017-жылга аткарылышы 4365,6 миӊ сомго бекитилсин.
3. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн атайын каражат счетунун аткарылышын (Спец фонддон) каражатты кошкондо 1121,9 миӊ сомго бекитилсин.
4. Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысынын иши канаттандырарлык деп табылсын .
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
6. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет
7. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э. Сагынбеков |