Загрузка документа…
КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 2-февралы № 40
«Камбар-Ата ГЭСти курууда айыл аймактарынан кеткен жерлердин эскпликациясын жана Камбар-Ата ГЭС-2ни курууда айыл аймактарга түшүүчү салык төлөмдөрү, Камбар-Ата ГЭС-2 пайдаланган жер аянтарына жараша пайыздар менен бөлүштүрүшүн тактоо жөнүндө»
Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү V сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2013-жылдан бери Камбар-Ата ГЭСти курууда айыл аймактарынан кеткен жерлердин эскпликациясын жана Камбар-Ата ГЭС-2ни курууда айыл аймактарга түшүүчү салык төлөмдөрү, Камбар-Ата ГЭС-2 пайдаланган жер аянтарына жараша пайыздар менен бөлүштүрүшү кайрадан Токтогул райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгы, Мамлекеттик салык кызматынын Токтогул району боюнча салык башкармалыгы менен биргеликте бир ай ичинде тактоо жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Бекишовго милдеттендирилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.
3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.
4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.
Төрага | Э.Сагынбеков |