АРАЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 12-майы №1
Арал айыл аймагында 2017-жылы Ноокен районунун Өнүктүрүү фондунун эсебинен каржылануучу долбоорду жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо, артыкчылыктуу долбоорду бекитүү жана жергиликтүү коомчулуктун каражаттарынын салымын бекитүү жөнүндө
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына негиз, айыл элинин мектепке чейинки билим берүүнүн кызмат көрсөтүүлөрүнө болгон керектөөлөрүн канааттандыруу максатында Арал айылдык кеңешинин ХХ -чакырылышынын VI –сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Арал айыл аймагында артыкчылыктуу деп «Жогорку Арал айылына мектепке чейинки билим берүү уюмунун куруу» долбоору бекитилсин.
2. Жогорку Арал айылына мектепке чейинки билим берүү уюмун куруу” долбооруна жергиликтүү бюджеттин эсебинен кошо каржылоого өздүк салым катары 652000 сом бөлүнүп берилсин.
3. Арал айыл аймагындагы ар бир кожолуктан 500 сомдон кем эмес өлчөмүндөгү салымы бекитилсин.
4. Жогорку Арал айылына мектепке чейинки билим берүү уюмун куруу үчүн долбоордук –сметалык документтерин даярдоо Арал айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Мамадалиевке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы З.Жумалиевге милдеттендирилсин.
Арал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары | Б. Мамадалиева |