Редакцияот 14.09.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ДАРА АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 14-сентябры № 42

Дара айыл аймагындагы таза-сууну мыйзамсыз үйлөргө киргизүүгө тыюу салуу жөнүндө

Дара айыл аймагынын элдеринин таза-сууга болгон муктаждыгын чечүү жана тартипке келтирүү максатында Эл депутаттарынын Дара айылдык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Дара айыл аймагында таза-сууну мыйзамсыз үйлөргө киргизүүгө тыюу салынсын.

2. “Ак-Суу”, “Дара суусу” ИСКАКБ башчыларына жана айыл башчыларына таза-сууну мыйзамсыз үйлѳргѳ киргизбөө боюнча элдерге түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жагы милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жана айыл өкмөтүнүн орун басары А.Камаловго милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Мажилимов