Редакцияот 17.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү VII сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 17-июлу №27

Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы тозулган жайыт жерлердин жайыт акысы бекитүү жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы тозулган жайыт жерлерди тактоо комиссиянын жыйынтыгы эске алынып, тозулган жайыт жерлердин жайыт акысы 4000 сомдон, чөп чабынды катары пайдаланып тозулбаган жайыт жерлердин жайыт акысы 1000 сом өлчөмүндө бекитилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагындагы жайыт комитетинин төрагасы Э.Мутуевге милдеттендирилсин.

3. Токтомду аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

М. Нуржакыпов