Редакцияот 17.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү VII сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 17-июлу №29

Бууракан айылындагы М.Термечиков атындагы орто мектебине жана “Шумкар” балдар бакчасына каражат бөлүп берүү жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бууракан айылындагы М.Термечиков атындагы орто мектептин 2015-жылда курулушу башталып атайын фонд (дирекция)тарабынан каржыланып курулуп жаткан спорт аянтчасына түшкөн 300,0 миң сом каражатка жана атайын каражат счетуна ата-энелерден апрель, май айларында род взноско “Шумкар” балдар бакчасына тамак аш алууга 172,0 миң сом каражатка кошумча жумшоого уруксат берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына, акча каражатын берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

М. Нуржакыпов