Редакцияот 17.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү VII сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 17-июлу №30

Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүндө жооптуу катчыдан берилүүчү тактамалардын төлөмдөрү жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII –сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл өкмөттүн жооптуу катчысынан тиешелүү мекемелерге алынуучу тактамалардын баардык түрү бекер, акысыз берилсин.

2. Токтомду аткарууга алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Б.Чекировага милдеттендирилсин.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына тапшырылсын.

4. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

5. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

М. Нуржакыпов