Редакцияот 17.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү VII сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 17-июлу №34

Ак-Жар айылындагы С.Чекиров атындагы орто мектебинин спорт аянтчасынын айланасын тозуу үчүн каражат бөлүп берүү жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жар айылындагы С.Чекиров атындагы орто мектебинин спорт аянтчасынын айланасын тозуу үчүн айыл өкмөттүн жергиликтүү бюджетинен 100000 сом акча каражат бөлүп берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин Бюджет жана экономика, муниципалдык менчик, инвестиция, ишкердик иш, тышкы экономика байланыш боюнча комиссиясына, акча каражатын берүү жагы айыл өкмөтүнүн ФЭБнүн башчысы Ж.Садыковго тапшырылсын.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

М. Нуржакыпов