Редакцияот 17.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү VII сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 17-июлу №37

Камыш-Башы айылындагы Ж.Чаргынов атындагы орто мектебине жаңы курулуп бүткөн күрөш залына маркум Толумбеков Нуржакыптын ысымын берүү жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын кезектүү VII -сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин депутаты Б.Табалдиевдин кайрылуусу эске алынып, Камыш-Башы айылындагы Ж.Чаргынов атындагы орто мектебине жаңы курулуп бүткөн күрөш залына маркум Толумбеков Нуржакыптын ысымын берилсин.

2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кызыл-Өзгөрүш айыл Кеңешинин социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият тармактары, дин иштери, спорт жана жаштар саясаты боюнча комиссия төрагасы Айытмурза уу Азизбекке тапшырылсын.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorush.kg сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

М. Нуржакыпов