Редакцияот 04.11.2016
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-МУЗ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

 

2016-жылдын 4-ноябры № 44/5

Ак-Муз айыл аймагынын арпа тазалоочу аппаратты Ак-Муз өнүгүү муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүү жөнүндө

Ак-Муз айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Ак-Муз айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Муз айыл аймагынын арпа тазалоочу аппараты Ак-Муз муниципалдык ишканасынын балансына өткөрүп алынсын;

2. Ак-Муз айыл өкмөтүнүн бюджетинен арпа тазалоочу аппаратына бөлүнгөн 45 000 сом акча каражаты Ак-Муз муниципалдык ишканасына которулуп берилсин;

3. Бузулган мектептин цемент плитасынан 30 (отуз) шт Ак-Муз айыл аймагынын “Ак-Муз хокей” клубуна бөлүнүп берилсин;

4. Ушул токтом айыл өкмөтүнүн аппаратынан каттоодон өткөрүлүп, www. ak-muz. kg веб- сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Муз айыл өкмөтүнүн башчысы А. Капатовго тапшырылсын.

 

Төрага

Б. Абдыбеков