Редакцияот 14.11.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ӨЗГӨРҮШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин кезектүү III сессиясы (VIII чакырылыш)

 

2017-жылдын 14-ноябры №12

Камыш-Башы айылынын тургуну Б.Токтогулов арызы жөнүндө

 

Кызыл-Өзгөрүш айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектүү III сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Камыш-Башы айылынын тургуну Б.Токтогуловдун жетпей калган үлүш жерин комиссия менен тактап тартып берүү Кызыл-Өзгөрүш айыл аймагынын айыл өкмөт башчысына жана жер адиске тапшырылсын.

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык Кеңештин Агрардык маселелер боюнча комиссиянын курамына тапшырылсын.

3. Бул токтом www.kyzyl-ozqorusn.kq сайтына жарыяланган күндөн тартып мыйзамдуу күчүнө кирет.

4. Токтом мамлекеттик тилде гана кабыл алынды.

 

Төрага

Э. Сагынбеков