Редакцияот 07.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫЗЫЛ-ОКТЯБРЬ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин кезексиз IХ сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 7-июлу №32

Жаман-Адыр участкасындагы жаны конушка ат коюу жөнүндө

 

Кызыл-Октябрь айылдык Кеңешинин VI- чакырылган IХ- кезексиз сессиясы айыл Өкмөт башчысынын маалыматын угуп жана талкуулап, социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын чечимин, айыл тургундарынын сунуштарын колдоп төмөндөгүдөй

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Жаман-Адыр участкасындагы жер көчкүдөн жабыр тарткандарга ажыратылган жердеги жаны конушка «Ынтымак» айылы ысмын ыйгарууга макулдук берилсин.

2. Тиешелүү документтерин,иш кагаздарын даярдоо жер,турак-жай маселери боюнча башкы адис З. Осмоновко тапшырылсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.

 

Төрага

К. Мусаев