Редакцияот 16.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖАР АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Жар айыл аймагынын Айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 16-майы №14

Ат-Башы райондук суу чарба башкармалыгын 10.04.2017-жылдагы №02-58 билдирүүсүндө көрсөтүлгөндөй Ак-Жар айыл өкмөтүнө караштуу 146- участкасына суу алып барган лотокторду алмаштырып ремонттоо боюнча 135628 (Бир жүз отуз беш миң алты жүз жыйырма сегиз) сом акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө

УГУЛДУ:Аталган маселе боюнча Ак-Жар айылдык Кеңешинин төрайымы С.Аттокурованын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жар айылдык Кеңешинин VII чакырылышынын V кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жар айыл өкмөтүнүн 146-участкасына суу алып барган лотоктор Ат-Башы райондук суу чарба мекемесинин балансасында болгондугуна байланыштуу акча каражатын кароого жатпагандыгы белгиленсин.

2. 146-участкасына суу алып барган лотокторду ремонттоо жагы Ат-Башы райондук суу чарба мекемесинен суралсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөттүн жер, турак-жай жана айыл чарба боюнча башкы адиси Ж.Жунусовго милдеттендирилсин.

 

Төрайымы

С. Аттокурова