Редакцияот 22.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

НООКЕН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 22-майы №1

№ 9 Байчечекей балдар бакчасынын башчысы Б.Жолдошованын балдар бакчасына кошумча 1 тайпа балдар бакчасын ачуу арызын кароо жөнүндө

 

Күн тартибиндеги маселени карап жана талкуулап Ноокен айылдык кеңешинин депутаттарынын ХХVII-чакырылышынын V-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасынын мектепке чейинки билим берүү Мыйзамдарына ылайык «№9 Байчечекей балдар бакчасына кошумча 1 тайпа балдар бакчасын ачууга макулдук берилсин.

2. Аталган балдар бакчасына кошумча 1 тайпа балдар бакчасын ачууга тийиштүү иш кагаздарын бүткөрүп берүү тийиштүү органдардан суралсын.

3. Токтомдун аткарылышы боюнча иш алып баруу жагы Ноокен айыл өкмөтүнүн башчысы Ж.Эгембердиевке жүктөлсүн.

 

Төрага

Н. Муратов