Редакцияот 04.10.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ТАЛАА АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин № VII кезектүү сессиясы (VI чакырылыш)

 

2017-жылдын 4-октябры №7/3

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын областык ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппараты тарабынан 2014-жылы өткөрүлгөн “Мыктылардын мыктысы-2014” кароо-сынагынын “Мыкты китепкана-2014” номинациясына берилген 50 000 сом сыйлык акча каражатын кароо жөнүндө

 

УГУЛДУ: Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Б.Төлөгөновдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап

Ак-Талаа айыл аймагынын айылдык Кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. 50 000 сом акча каражаты К.Эсенгулова атындагы китепканага кеңсе эмеректерин алуу үчүн жумшалсын.

2. Бул токтом айыл өкмөтүнөн каттоодон өткөрүлүп www.ak-talaa.org.kg веб-сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Нарын облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсөн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Стамакуновго милдеттендирилсин.

 

Төрага

Б. Төлөгөнов