Редакцияот 31.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖАНЫ-АРЫК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Жаны-Арык айылдык кеңешинин кезектеги III сессиясы (XXVII чакырылыш)

 

2017-жылдын 31-марты №7/5

Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин экскаваторунун айыл тургундарына кызмат көрсөтүү боюнча тарифтерин бекитүү жөнүндө

 

1. Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин экскаваторунун айыл тургундарына кызмат көрсөтүү боюнча тарифтери төмөндөгүдөй бекитилсин:

- Жер казуу – 1 м жер үчүн 150 сом, 1 м2 жер аянтын касуу 500 сом, майы ичинде;

- ГАЗ-53 унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 300 сом, майы ичинде;

- ЗИЛ - унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 400 сом, майы ичинде;

- КАМАЗ - унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 700 сом, майы ичинде;

- ХОВО - унаасына кум-шагыл, топурак жүктөө – 900 сом, майы ичинде;

2. Бул токтом айыл аймагынын баардык тургундарына тааныштырылсын;

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаны-Арык айыл аймагынын жайыт комитетинин төрагасы А.Алжаңбаевге тапшырылсын.

 

Төрага

К. Саралаев