Редакцияот 24.05.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АВЛЕТИМ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

2017-жылдын 24-майы №8/9

Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун 2017- жылдын 24 майындагы №118 сандагы "Бузурманкулов Оросбек Ооганович тууралуу" билдирүүсү жөнүндө

 

Авлетим айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Абдырамановдун 24.05.2017- жылдагы "Бузурманкулов Оросбек Ооганович тууралуу" №118 билдирүүсүнүн мазмуну менен таанышып көрүп жана "Социалдык" маслелелр боюнча туруктуу комиссиясынын; "сессияда депутаттар өзү чечсин" деген корутундусунун негизинде депутаттардын талабын эске алып, Авлетим айылдык кеңешинин VII-чакырылышынынын 8-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Бузурманкулов Оросбек Оогановичке айылдык кеңештин 15.04. 2017- жылдагы № 3/3 токтомунун негизинде ыйгарылган "Авлетим айыл аймагынын ардактуу жарааны" наамы күчүндө калтырылсын.

2. Айылдык кеңештин 15.04.2017- жылдагы №3/3 токтомун аткарууну камсыз кылуу айыл өкмөттүн башчысы Н.А. Абдырамановдун эсине салынсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө "Социалдык" маселелери боюнча туруктуу комиссияга (Шабданов К.) жүктөлсүн.

 

Төрага

А. Шырдаков