Редакцияот 28.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КУМ-ДӨБӨ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги X сессиясы (VI-чакырылыш)

 

2017-жылдын 28-июлу №10/5

Ак-Жар айылынын 20-июль 2017-жылдагы жалпы элдик жыйынынын № 1 протоколунун токтомун бекитүү жөнүндө

 

Депутаттардын VI -чакырылышынан шайланган Кум-Дөбө айыл аймагынын айылдык кеңешине, Ак-Жар айылынын айыл башчысы М.Дүйшөналиевдин 2017-жылдын 20-июль күнү жалпы элдик жыйынынын протоколу жана токтому менен тааныштырып, айылдык кеңештин депутаттары угуп жана талкуулап, Кум-Дөбө айылдык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кум-Дөбө айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жар айылындагы Ак-Жар орто мектеби Ак-Жар айылынын жалпы элдик жыйынынын протоколу, токтому канааттандырылып, Ак-Жар айылындагы Ак-Жар орто мектеби “Бейшенбек Иманалиев атындагы орто мектеби” деп аталсын.

2. Ак-Жар айылындагы Ак-Жар орто мектеби “Бейшенбек Иманалиев атындагы орто мектеби”деп жазылган тактаны илдирип, орнотуу жагы мектептин директору Ж.Көчөкбаевге тапшырылсын.

3. Жогорудагы токтомдун аткарылышын Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармачылыгынан, Нарын облустук Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы Ак-Жар айылынын айыл башчысы М.Дүйшөналиевге милдеттендирилсин.

 

Төрага

А. Өмүров

Жиберилсин: Иш кагазына, обл Юстицияга, Кочкор райондук мамлекеттик каттоо башкармалыгына. Ак-Жар айылынын айыл башчысына.