Редакцияот 21.07.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АЧА-КАЙЫҢДЫ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин кезексиз V сессиясы (VII чакырылыш)

 

2017-жылдын 21-июлу №V/I

Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги 297.0 (эки жүз токсон жети мин) сом акча-каражатты статьядан-статьяга (22311200-31112290) жылыштырып пайдалануу жөнүндө

 

Жогорудагы маселе боюнча Ача-Кайыңды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Жунусовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ача-Кайыңды айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезекcиз V сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ача-Кайынды айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бюджетиндеги электр энергиядан үнөм болгон 297,0 (эки жүз токсон жети миң) сом акча-каражатты статьядан-статьяга (22311200-3111290) жылыштырып пайдаланууга уруксат берилсин.

2. Айыл өкмөттүн аппарат бөлүмүндөгү электр энергиядан үнөм болгон акча каражаттардын 150,0 (бир жүз элүү мин) сому айыл өкмөттүн имаратынын эшик-терезелерин алмаштырууга, мектептен электр энергиядан үнөм болгон акча каражаттын 147,0 (бир жүз кырк жети мин) сому Ача-Кайынды бала бакчасынын көмүр канасын курууга кошумча каражат катары бөлүнүп берилсин.

3. Бул токтомдун аткарылышын жетекчиликке алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы Н.Жунусовго тапшырылсын.

 

Төрага

Мурзалиев А