Редакцияот 30.03.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Кара-Суу айылдык кеңешинин 4-кезексиз сессиясы (17-чакырылыш)

 

2017-жылдын 30-марты №3

Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнө Үсөнбаев Азим Турумбековичтин жазган арызын кароо жөнүндө

 

Кара-Суу айылынын тургуну Үсөнбаев Азим Турумбековичтин маалыматынын негизинде Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин төрагасы Ж.Иманкуловдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап 4-кезексиз сессия

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айылдын тургуну Үсөнбаев Азим Турумбековичтин жазган арызы канааттандырылып, айыл өкмөтүнө тиешелүү Карды-Жарык участкасындагы жерден 1,0 га жер авто заправка, техникалык кызмат көрсөтүүчү жай жана социалдык обьекти куруу үчүн 5 (беш) жылга ижарага берилсин.

2. Тиешелүү иш кагаздарын берүү жагы айыл өкмөтүнөн суралсын.

3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.

 

Төрага

Ж. Иманкулов