ОШ ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ош шаардык кеңешинин кезектеги IV сессиясы (IV чакырылыш)
2016-жылдын 24-августу №30
Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын орун басарын шайлоо жөнүндө
Ош шаардык Кеңешинин Регламентинин 26-беренесине ылайык жана Ош шаардык Кеңешинин төрагасы Ж.Т.Ормоновдун сунушунун негизинде Ош шаардык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ош шаардык Кеңешинин төрагасынын коомдук башталыштагы орун басары болуп Каналиев Бактыбек Эркинович шайлансын.
2. Токтом мыйзамда каралган тартипте каттоодон өткөрүлсүн (М.Давляев) жана жалпыга маалымдоо каражаттарында басылып чыксын (А.Эргашева).
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Ош шаардык Кеңешинин аппарат жетекчиси С.Маматалиевага тапшырылсын.
Төрага | Ж. Ормонов |