БЕЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бел айылдык Кеңешинин кезектеги бешинчи сессиясы (алтынчы чакырылыш)
2017-жылдын 8-июну № 5-3
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары,Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2017-жылдын 30-майындагы № 01- 08-/134 катын талкуулоо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаараы, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областары боюнча аймактык бөлүмүнүн Бел айыл аймагынын 2015-жылдын 1-январынан 2016-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында жергиликтүү бюджетинин түзүлүшунө жана анын аткарылышына жүргузүлгөн аудиттин жыйынтыгы боюнча орун алган кемчилдиктерди четтетүү боюнча жазма буйругун угуп жана талкуулап Бел айылдык Кеңешинин (алтынчы чакырылышынын) бешинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бел айыл өкмөтүнүн бюджетинен максатсыз иштетилген 72,9 миң сом акча каражаты 2017-жылдын 15-июнуна чейин өндүрүлүп, өз ордуна коюлсун.
2. Айыл өкмөтүнүн бюджеттик кирешелерин максатсыз пайдаланууга жол бергендиги үчүн айыл өкмөтүнун мурдагы финансы-экономика бөлүмүнүн башчысынын иштен кеткендиги эске алынсын.
3. Айыл өкмөтүнүн 2018- 2020-жылга болжолду бюджеттик бекитүү сунушу жактырылды
4. Айыл өкмөтүнүн бюджетин максатсыз пайдаланууга жол бербөө жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Шамши уулу Мелисбекке жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Сулайманов. Ш. Ж |